Алтынбек Максутов: Көчмөндөр оюндары төрт жылда бир өтүшү керек
Кыргызстанда көчмөндөр оюндары аяктады. Бирок анын артында калган мурас, тажрыйба жана кийинки оюндарга даярдык маселеси эми талкуулана баштайт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында маданий программанын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси болгон Алтынбек Максутов иш-чаранын даярдыгы, Кырчындагы этношаарчанын келечеги, чыгармачылык топтордун иши, костюмдар менен декорациялардын тагдыры жана эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди.
