Соң-Көлдө канаттууларга байкоо жүргүзүү үчүн жети метрлик мунара орнотулду
Нарын облусундагы Соң-Көлдө жапайы канаттууларга мониторинг жүргүзүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн атайын байкоо курулмасы орнотулду. Объект Каратал-Жапырык мамлекеттик табигый коругунун Соң-Көл тилкесиндеги Батай-Арал аймагында пайда болду.
