Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды
11-сентябрдан 18-сентябрга чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери республика боюнча жол кыймылынын эрежелерин бузган 23 миң 411 учурду аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
