Жылытуудан 30 миң сомдон ашык үнөмдөө: Көмүрдүн ордуна жылуулук насосу
Суук түшүп келе жаткандыктан, жеке үйлөрдүн ээлери кышка даярдыкты алдын ала көрүшү керек. Суроо-талап өскөн мезгилде көмүр кымбатташы мүмкүн. Ал эми аны сатып алуу жана жеткирүү кошумча чыгымдарды талап кылат. Жылуулук насосу кыйла экологиялык жана үнөмдүү чечим болушу мүмкүн. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары аны Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында иштеп жаткан мамлекеттик жеңилдетилген насыялык линия аркылуу орното алышат.
