Коопсуздук көйгөйү: Депутат мектептердеги көмүр сапатын текшерүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков көмүрдүн түтөп, өзүнөн-өзү күйүп кеткен учурлары аныкталгандан кийин мектептерге берилип жаткан көмүрдүн сапатын шашылыш текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 16-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
