Рекорд. Талас облусунда буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти
Талас облусунун Манас районунда 2026-жылы бир гектардан 100 центнерге же 10 тоннага чейин буудай түшүмү жыйналды. Бул республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.
