Ошто карыган кишинин батиринен эки унаа таштанды чыгарылды
Ош шаарындагы Чкалов көчөсү 34 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү тургундардын бири таштандыга толтуруп салган батир тазаланды. Батирден чыккан жагымсыз жытка жергиликтүү тургундар даттанышкан.
