Агартуу министри Словакиянын Билим берүү министрлиги менен келишимге кол койду
Кыргызстандын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Словакия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Братислава шаарында Словакия Республикасынын билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министри Томаш Друкер менен эки тараптуу жолугушуу өттү.
