Садыр Жапаров мекенге болгон сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтүүгө чакырды
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды биримдикти сактоого жана мекенге болгон сүйүүнү конкреттүү иштер менен көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземинде билдирди.
