Кыргызстандын каржылык сабаттуулугунун индекси 4 жылда 59 пайызга чейин өстү
Улуттук банк көптөн күткөн 2025-жылдагы Кыргызстандагы чоңдордун каржылык сабаттуулугу боюнча сурамжылоосун август айында жарыялады жана анын жыйынтыктары оптимисттик көз карашка негиз болууда. Төрт жылдын ичинде каржылык сабаттуулуктун курама индекси 55,4 пайыздан 59 пайызга чейин жогорулады. Айрыкча, кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоодо каражатын башкаруусунда байкалаарлык өзгөрүүлөр бар.
