Чет өлкөлүккө үй сатсаң — жерди мамлекетке өткөрөсүң. Мыйзам долбоору жазылууда
Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарга кыймылсыз мүлк сатуу эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Эгер сатыла турган объект жайгашкан жер тилкеси сатуучунун жеке менчигинде болсо, келишим түзүү үчүн ал жерди же жер үлүшүн акысыз түрдө мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө тийиш болот. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
