Ош облусунда көмүр саткандарды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырды
Ош облусунда көмүр казуу жана сатуу менен алектенген ишкерлерди бааны негизсиз жогорулатууга жол бербөөгө жана сапаттуу отунду үзгүлтүксүз жеткирип турууну камсыз кылууга чакырышты. Мындай тапшырмаларды президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 2026—2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйынында берди.
