Шакиранын Бишкектеги концерти эмне үчүн дагы деле суроо жаратууда?
Колумбиялык ырчы Шакиранын Бишкекте концерт берери тууралуу маалыматтын айланасындагы жагдай азырынча так эмес. Gamma Media Group компаниясынын башкы директору, продюсер жана иш-чараларды уюштуруучу Ислам Сатаровдун айтымында, кыргыз тарап менен ырчынын ортосунда расмий келишим азырынча түзүлө элек.
