Жогорку Кеңеш эки жаңы министрдин талапкерлигин жактырды
Парламент эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Алмаз Имангазиевдин, ал эми юстиция министри кызмат ордуна Алмаз Айылчиевдин талапкерлигин жактырды. Алардын талапкерликтери Президенттин сунуштамасы менен Жогорку Кеңештин макулдашуусуна киргизилген.
