Жанни Инфантино ФИФАнын башчылыгына кайрадан талапкерлигин койот
«ФИФАнын президенти 2027-жылы кайра шайланууга умтула турганын апрель айында жарыялаган. Албетте, эч нерсе өзгөргөн жок. Инфантино мырза жаңы мөөнөткө өз талапкерлигин коюуну көздөп жатат», — деп Эл аралык футбол ассоциациялары федерациясынын (ФИФА) билдирүүсүндө айтылды.
