Көк бөрү. АКШнын капитаны турнирдин мыкты бомбардири болду
АКШнын көк бөрү боюнча курама командасынын капитаны Лэдд Хауэлл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү турниринин мыкты бомбардири аталды.Турнирге жалпысынан 7 команда катышып, эки тайпага бөлүнгөн. АКШнын командасы А тайпасында Кыргызстан, Орусия жана Өзбекстан менен беттешти.Америкалык көк бөрүчүлөр үч оюнда 19 салым жасаган. Анын 15ин Лэдд Хауэлл киргизип, биринчи орунду ээледи. Экинчи орунда Кыяз Ниязов - 9 салым, үчүнчүдө Нуржан Мелисбек уулу - 8 салым менен турат.
