Кыргызстандын үч облусунда суу менен камсыздоонун жаңы системалары курулат
Кыргызстандагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын 130 айылын коопсуз ичүүчү суу жана заманбап саркынды суу чыгаруу кызматтары менен камсыз кылууга багытталган «Суу менен камсыздоого жана санитарияга универсалдуу жеткиликтүүлүк » программасын активдүү ишке ашыра баштады. Жыйынтыгында 450 миңден ашык тургун таза сууга жетет.
