Кыргызстанда мөңгүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү сунушталууда
Кыргызстанда «Гидрометеорологиялык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору даярдалды. Ал мөңгүлөр тууралуу маалыматтардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүнү жана алардын мониторингин күчөтүүнү карайт.
