Бишкектин «Дордой» конушунда мектептин курулушу аяктады
Кыргызстандын президентинин тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын «Дордой» конушундагы № 94 орто мектебинин жанында 570 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Эки нөөмөттө окутууну эске алуу менен корпуста 1 миңден ашык окуучу билим ала алат.
