Азия оюндары −2026: Бүгүн кыргызстандык кайсы балбандар килемге чыгат?
Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында бүгүн, 1-октябрда күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде грек-рим күрөшүнөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.
