Нарын облусунда тоо текелердин үйүрү жана илбирс видеого тартылды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Нарын облусунун өрөөндөрүнүн биринде жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тоо текелердин үйүрүн жана сейрек кездешүүчү илбирсти жакын аралыктан видеого тартып алышты.
