XX Азия оюндары 2026: Бүгүн кыргызстандык 4 балбан килемге чыгат
Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында бүгүн, 30-сентябрда күрөш боюнча мелдештердин алгачкы күнү башталат. Бул күнү Кыргызстандын улуттук курама командасынан 4 спортчу чыгат. Анын ичинде грек-рим күрөшүнөн 3 балбан жана кыз-келиндер күрөшүнөн 1 балбан күч сынашат.
