ЖК депутаты мектеп рэкетинен улам эки окуучу каза болгонун билдирди
Жаңы окуу жылы башталгандан бери Кыргызстанда мектеп рэкети жана сабап салуудан улам эки окуучу каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова парламентте мектептердеги буллинг менен рэкеттин алдын алууга арналган тегерек столдо билдирди.
