Ысык-Көл жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн
25-26-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
