Тигүүчүлөрдү жана маркетплейс сатуучуларды салыктан бошотуу сунушталды
Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстандын салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түзөтүүлөр пакети киргизилди. Башкы чаралардын бири — тигүү жана текстиль ишканаларын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн электрондук аянтчаларындагы сатуучуларды бирдиктүү салык төлөөдөн бошотуу болуп саналат.
