Эмки жылы Бишкекте эки жаңы өрт өчүрүү бөлүмү курулат
Кийинки жылы Бишкекте Өрт көзөмөл кызматынын эки жаңы бөлүмүнүн курулушу башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.
